20-июлда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтөт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Түштүк-батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 16...21, күндүз 32…37;
Талас жергесинде түнкүсүн 12...17, күндүз 30…35;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 20…25, күндүз 35…40;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 25...30;
Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 28…33;
Бийик тоолордо түнкүсүн -1…+4, күндүз 12…17 градус.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 35…37 градус болот.
Чолпон-Атада жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16°, күндүз 25…27° болот.
Дагы караңыз
"Алимент төлөбөйт же Ноокенден чыгарбайт". Өзбекстандык келиндин муңуМэр Абдыкадыров курулуш агенттигинин башчысы коррупцияга айыптаган вице-мэрге болуштуМурдагы күйөөсү бычактаган келиндин абалы оор Өзүм билемдик менен курулган 78 объект бар экени коррупцияга каршы кеңешмеде айтылды