Быйыл Кыргызстан окуучуларды PISA стандартына ылайык окута баштайт

Иллюстрациялык сүрөт.

Быйылкы жаңы окуу жылынан тартып Кыргызстанда мугалимдер окуучуларды PISA стандарттарына ылайык окута башташат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев «PISA-2025 изилдөөсүнө катышуу – Кыргызстандагы жалпы билим берүүнүн сапатын жогорулатууга карай жол» деген жайкы мектептин катышуучуларынын алдында сүйлөп жатып айтканын мекеменин басма сөз кызматы 18-июлда билдирди.

“Жүктү азайтып, окутуу сапатын жогорулатып, маалыматтык технологияларга басым жасап, билим берүүнүн заманбап стандарттарына шайкеш келтирүү керек. Мугалимдерди PISA стандарттарына даярдоо башталды. Алар сентябрдан тартып окуучуларды ошол стандарттар боюнча окута башташат”, - деди министр.

17-июлда башталган жайкы мектеп 27-июлда жыйынтыкталат. Билим берүүнү уюштуруу мекемелеринин, жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү, окуу-усулдук материалдардын авторлору, окутуу сапатын баалоочу адистер катышып жаткан иш-чарада PISA стандарттары тууралуу сөз болууда.

PISA (Programme for International Student Assessment) – мектеп окуучуларынын окуудагы жетишкендиктерин баалоочу эл аралык программа. Тест түрүндө 2000-жылдан бери үч жылда бир өткөрүлүп келе жаткан сынакка 15 жаштагы окуучулар катыша алышат. Ага Кыргызстан 2006 жана 2009-жылдары катышып, акыркы орунду алгандан кийин катышпай келет. Эми 2025-жылы кайрадан катышуу пландалууда. (RK)

Дагы караңыз

Иранда аял-эркек чогуу машыкканы тартылган видеодон кийин спорт клуб жабылдыОрусиянын курамындагы айрым улуттардын активисттери АКШдан колдоо сурадыИманов: Орусиядан алган ИВЛ аппараттарды кайтарып бергени жатабызУкраина: төрт жашар Лизанын сөөгү жерге берилди