Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:58

Иранда аял-эркек чогуу машыкканы тартылган видеодон кийин спорт клуб жабылды


Тегерандагы ири "Iran Mall" бизнес жана соода борборунун жалпы көрүнүшү.
Тегерандагы ири "Iran Mall" бизнес жана соода борборунун жалпы көрүнүшү.

Иранда аял-эркек чогуу машыгып жатканы тартылган видео интернетке тарап кеткенден кийин популярдуу “Иран Молл” спорттук комплекси жабылды. Бул тууралуу өлкөнүн полициясына таянуу менен “Азаттыктын” Иран кызматы кабарлады.

Полициянын офицери Надер Моради бул ишке байланыштуу клубдун эки кызматкери кармалганын билдирди.

Мунун алдында интернетте аялдар жана эркектер йога менен алектенип жатканы тартылган видео тараган. Ал 16-июлда болгону маалымдалган.

“Иран Молл” — бул Тегерандагы дүкөндөрдү, кинотеатрларды, спорттук комплекстерди жана көңүл ачуучу парктарды бириктирген бизнес-борбор болуп саналат.

1979-жылкы Ислам революциясынан кийин Иранда тогуз жаштан чоң кыздарга жана аялдарга коомдук жайларда хижаб кийип жүрүү милдеттүү эреже катары киргизилген. Көптөгөн аялдар ошондон бери бул талапты адам укуктарын бузуу катары баалап, айыпташкан. Өлкө ичиндеги жана сыртындагы активисттер да муну сынга алып, аялдар жоолуксуз түшкөн видеолорун таратышкан.

Быйыл июнь айында Ирандын бийлиги Шираз шаарында кыздар менен эркек балдар чогуу скейтборд тепкен окуя боюнча чара көрүп, иш-чаранын он катышуучусун камакка алган. Июлдун башында Керманшах университетинин окутуучуларынын бийлегени тартылган видео интернетте чыгып кеткенден кийин жети профессор жумуштан бошотулган. (ErN)

XS
SM
MD
LG