Блогерлерди милицияга чакыруунун себеби айтылды

Ички иштер министри Улан Ниязбеков. 18-июль, 2022-жыл, Бишкек.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Интернет аркылуу пикир жазгандар жана блогерлер милицияга эмне себептен чакырылып жатканын түшүндүрдү. Бүгүн 18-июлда “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып министр аларды “туура эмес чакырык жасагандар” деп мүнөздөп, милицияга баарлашуу үчүн гана чакырылып жатышканын айтты.

Ниязбеков Адилет Балтабай аттуу блогер “туура эмес чакырык жасаганы үчүн камалганын” айтып, анын күнөөсү лингвистикалык экспертизанын негизинде далилденгенин билдирди жана ички иштер органдары кылмыштарды алдын алуу жана “фейктер” боюнча мыйзамдардын чегинде гана иштеп жатканын кошумчалады:

“Ар бир чагымчыл материал тыкыр изилденип, элге туура эмес чакырык жасаган, “Фейсбукта” болобу, башка социалдык түйүндөрдө болобу, чакырыктарды биз изилдейбиз. Анткени ар биринин аркасында кандайдыр бир кылмыштуу, күмөн жараткан ойлор бардыр. Биз баарлашуу иретинде гана чакырабыз, оюн билели деп. Алдын алуу иштерин жүргүзүшүбүз керек да”.

Социалдык түйүндөрдө Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер, акыркы бир нече айдан бери “Фейсбуктагы” баракчасынан Бишкектеги митинг, пикеттерди түз чагылдырып жүргөн Адилет Али Мыктыбекти милиция Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык” беренесинин негизинде кармап, соттун чечими менен 29-июлга чейин камакка алган. Милицияга жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) соңку кездери суракка чакырылгандар арасында жарандык активист Бакмурат Токтогулов, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимов, журналист Семетей Талас уулу бар.

Алар өзүлөрү айыбы жок экенин, бийликтин кемчилигин ачык айтканы үчүн куугунтукка кабылып жатканын айтып келишет. (TSh)

Дагы караңыз

ИИМ: “Ихсан” боюнча башка да шектүүлөр изделүүдөCOVID-19: Жаңы 88 учур катталдыИндияда президенттик шайлоо башталдыАаламдын түстүү сүрөттөрү. NASAнын жаңылыгы