Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:45

Ааламдын түстүү сүрөттөрү. NASAнын жаңылыгы


«Жеймс Вебб» телескобуна тартылган сүрөт.
«Жеймс Вебб» телескобуна тартылган сүрөт.

Узаган аптада NASA агенттиги жарыялаган ааламдын түстүү сүрөттөрү чоң жаңылык жаратты. Ал ортодо жер иштеткен суурлар белгилүү болду. "Азаттык" илимдеги акыркы жаңылыктардын топтомун сунуштайт.

Ааламдын алгачкы түстүү сүрөтү

NASA космостук агенттиги 12-июль күнү ааламдан тартылган жаңы, түстүү сүрөттөрдү жарыялады. Сүрөттөр «Жеймс Вебб» телескобуна тартылган. Агенттик бул сүрөттөр толук кандуу илимий сүрөттөрдүн алгачкысы жана «Жеймс Вебб» телескобунун расмий илимий ишинин башталышы экенин билдирди.

Аталган телескоп 2021-жылдын 25-декабрында «Хаббл» телескобунун ордуна учурулган. Учурда ал адамзат тарыхындагы эң чоң күзгүсү бар эң ири космостук телескоп. Телескопту NASA агенттиги, Европалык космостук агенттиги жана Канадалык космостук агенттиги биргеликте жасаган.

Телескоптун негизги милдети - жылдыздардын жана галактикалардын жарыгын, экзопланеталарды, Күн системасындагы майда түзүмдөрдү таап, аныктап, алардын калыптанышын жана өнүгүүсүн изилдөө.

Агенттик жарыялаган бир канча сүрөттө Пегас топ жылдызындагы беш галактиканын тобун көрүүгө болот. Андан тышкары бир канча тумандуулуктун сүрөтү түшүрүлгөн. Ааламдын жогорку сапаттагы, түстүү сүрөттөрү учурда социалдык тармактарда кызуу талкууланууда.

Булак: NASA

Инженерлер адам жүрөгүнүн кичинекей моделин жасашты

Жүрөк-кан тамыр ооруларын изилдөө көп жүргөнү менен, жыл сайын жүрөк ооруларынан миллиондогон адамдар көз жумат. Жүрөккө байланыштуу өзгөчөлүктөрдү тереңден түшүнүү үчүн Канададагы Торонто жана Монреал университеттеринин окумуштуулары миллиметрлик жүрөк кан-тамырын жасап чыгышты. Түйүлдүктүн жүрөгүндөй жасалма эт кадимкидей согот жана кан жүгүрткөн кадимки жүрөк сыяктуу суюктукту жүгүртөт.

Окумуштуулар бул моделди жүрөктөгү кан айлануунун көлөмүн жана басымды түшүнүү үчүн иштеп чыгышкан. Буга чейин ар кандай изилдөөлөр адамдан алынган органдарга жасалып келген. Бирок алар адамдан бөлүнүп алынганда кайсы бир функцияларын токтоткондуктан, иш учурундагы процесстерди изилдөө мүмкүн эмес болчу.

Жаңы орган синтетикалык жана биологиялык материалдардын аралашмасынан жасалган.

Булак: ScienceAlert

Өз азыгын өзү камдаган «дыйкан» суурлар

Флорида университетинин окумуштуулары Түндүк Американы байырлаган кичинекей суурлар (гоферлер) адам сыяктуу эле жер иштетерин аныкташты. Кызыктуу изилдөө Current Biology илимий журналына жарыяланды.

Бул суурлар жер астындагы узун тоннелдерди казуу менен алектенет. Окумуштуулар алар жерди туш келди казбай турганын жана көзүнө урунганды жебесин байкашкан.

Күн бою жер казуу үчүн аларга күч керек. Ар кандай өсүмдүктөрдөн тышкары суурлар өздөрү максаттуу түрдө отургузуп, кам көрүп өстүргөн тамырлар менен да азыктанышат. Бул алардын күнүмдүк калорийинин 20-60% пайызын түзөт.

Ошентип, суурлар сүт эмүүчүлөр арасындагы алгачкы «жер иштетүүчү жаныбар» болуп калышты.

Булак: ScienceAlert

XS
SM
MD
LG