“Ихсан” турак жай кооперативине байланыштуу башка да шектүүлөрдү аныктоо иши жүрүп жатканын бүгүн, 18-июлда Бишкекте журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып ички иштер министри Улан Ниязбеков билдирди:
“Сот аныктама чыгарып берет, биз кылмыш ишинин алкагында ошонун баарын териштирип беребиз, кайсы жерде канча үй-мүлкү, эсептеринде канча акчасы бар экенин. Ал боюнча иш токтобойт. Азыр да ошол “каржы пирамидасынын” ичинде жүргөн шылуундарды издөө боюнча ыкчам иштер жүрүп жатат”.
Министрдин айтымында, кылмыш ишинин алкагында шектүүнүн банктык эсеби да камакта турат.
Өткөн аптада Бишкекте "Ихсан" турак жай кооперативинин жетекчиси Акинай Бекмурзаева камалып, сот аны 8-сентябрга чейин абакта калтырган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) ага Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” жана “Ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу же коротуу” деген беренелеринин негизинде айып тагылганын билдирген.
Баштапкы эсептөө боюнча, зыяндын өлчөмү 121 миллион сомдон ашык деп көрсөтүлдү. 17-июлда Ошто "Биринчи турак жай" кооперативинин башчысы алдамчылыка шек саналып кармалганы маалым болду. (RK)
Дагы караңыз
Индияда президенттик шайлоо башталдыАаламдын түстүү сүрөттөрү. NASAнын жаңылыгы Жыл башынан бери 15 үй-бүлөдө үч эм төрөлдүКанада “Түндүк агым” газ куурунун турбинасын оңдоп, Орусияга кайтарып берди