Жыл башынан бери 15 үй-бүлөдө үч эм төрөлдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл жыл башынан бери Кыргызстанда үч эм төрөлгөн үй-бүлөлөр 15ке жетти. Бул тууралуу бүгүн 18-июлда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 2021-жылы өлкөдө 150 миңден ашуун ымыркай төрөлгөн.

Быйыл жыл башынан бери бул көрсөткүч 98 миң 536 болду.

Кыргызстанда соңку жылдары жаңы төрөлгөндөр үчүн мамлекеттин эсебинен 4 миң сомдон сүйүнчү акча төлөнүүдө. Ал эми үч эм үчүн ар бирине 50 миң сомдон берилет. (RK)

Дагы караңыз

Канада “Түндүк агым” газ куурунун турбинасын оңдоп, Орусияга кайтарып бердиӨКМ: Күн аябай ысып, 42 градуска жететӨзбекстан Ооганстан тараптан дагы ракета атылганын төгүндөдүCOVID-19: Жаңы 88 учур катталды