Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:28

Өзбекстан Ооганстан тараптан дагы ракета атылганын төгүндөдү


Өзбекстан менен Ооганстандын чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Өзбекстан менен Ооганстандын чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын Коргоо министрлиги чек аралаш аймактарда Ооганстан тараптан үчүнчү жолу ракеталык атуу болгону тууралуу маалыматтарды төгүндөдү.

“Бул маалыматтар жалган жана эч кандай чындыкка дал келбейт. Өзбекстандын Ооганстан менен чек арасы толугу менен өзбек чек арачыларынын көзөмөлүндө турат, кырдаал туруктуу”,-деп айтылат расмий билдирүүдө.

Ушул күндөрү интернетте өзбек жергесине коңшу өлкөнүн аймагынан атылган ракеталык дүрмөттөр түшкөнү тууралуу кабарлар кайрадан тарап жаткан.

Быйыл апрелде Ооганстандын аймагындагы "Ислам мамлекети" террордук тобунун "Хорасан бөлүмү" Өзбекстандын аймагын ракета менен аткылаган. Анын дүрмөттөрү өзбек чек арасына жетип-жетпей түшкөнү маалымдалган.

Июль айынын башында Өзбекстандын Ички иштер министрлиги Ооганстан менен чектеш аймагына ракетанын беш дүрмөтү түшүп, Термез шаарынын маалелеринин бириндеги төрт үйгө зыян келтиргенин билдирген.

Ооганстан тараптан ракеталык дүрмөттөр анын башка коңшусу Тажикстанга 7-майда атылганы маалым. Тажик атайын кызматы Ооганстандын Тахор провинциясында "Талибан" (Кыргызстанда тыюу салынган) менен "Ислам мамлекети" террордук уюмунун жергиликтүү бутактарынын кагылышуусу маалында Тажикстанга "кокустан гана ок атылган" деп маалымдаган эле.

Иш жүзүндө Ооганстанды башкарып жаткан "Талибан" өкмөтү ооган аймагынан Тажикстан менен Өзбекстанды аткылаган деп айыпталган кылмыштуу топтун өкүлдөрүн кармаганын 16-июлда жарыялады. Талибдердин басма сөз катчысы Забиулла Мужахид ишемби күнү Твиттер аркылуу билдиргендей, 15-июлга караган түнү "Талибандын" атайын күчтөрү Кундуз провинциясынын Канжага айылында "Ислам мамлекети" террордук тобунун согушкерлеринин чордонун жок кылган. Бул кабарды көз карандысыз булактар азырынча ырастай элек. (ErN)

XS
SM
MD
LG