Канада “Түндүк агым” газ куурунун турбинасын оңдоп, Орусияга кайтарып берди

Орусиянын "Газпром" компаниясы ээлик кылган “Түндүк агым” газ куурларын Германиядагы Nord Stream AG оператору тейлейт.

Канада “Түндүк агым-1” газ куурунун Siemens турбинасын оңдоп, Германияга жөнөттү. Бул тууралуу орусиялык “Коммерсантъ” гезити өз булактарына таянуу менен кабарлады.

Басылманын маалыматына караганда, 17-июлда жөнөтүлгөн турбина Германиядан кеме аркылуу Орусияга алып келинет. Ленинград облусундагы “Портовая” станциясына 24-июлда жеткирилет жана ишке салууга дагы бир нече күн кетет. Натыйжада августтун башына даяр болот.

“Газпром” ал иштеп баштагандан кийин газ кууру аркылуу Европага газ берүүсүн жандантарын ырастай элек.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Канаданын турбинаны кайтарып бергенин сынга алды. Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо менен сүйлөшүүдө ал украин жарандары Оттаванын чечимине нааразы экенин, “иш жүзүндө бул санкцияларды бузуу болуп калганын” айтты.

Жекшемби күнү Канаданын борбору Оттавада жана турбина оңдолгон Монреал шаарында нааразылык акциялары өттү. Украинанын желегин жана транспаранттарды кармаган ондогон демонстранттар “Орусиянын газы үчүн берилген акча украиналыктарды өлтүрүп жатат” деп кыйкырып турушту.

Орусия 11-июлдан тартып "Түндүк агым" газ кууру аркылуу Германияга көгүлтүр отун жеткирүүсүн токтоткон. Бул оңдоо иштерине байланыштуу экени жана ага чейин эки турбина бузулганы айтылган.

Германия жана Евробиримдиктин башка өлкөлөрү Украинадагы согуштун фонундагы тирешүүдөн улам газды берүү кайрадан жанданышынан күмөн санап турушат. Мындай жагдай Европада кризис жаратышы мүмкүн.

Орусия газды Европага Украинанын аймагындагы куурлар жана Балтика деңизинин түбүндөгү “Түндүк агым” куурлары аркылуу алып өтчү. Киевге болгон көз карандылыкты жоюу үчүн Москва деңиз түбүнө экинчи линия катары “Түндүк агым-2” долбоорун курду. Анын курулушу 2021-жылы сентябрда бүткөн, 2022-жылы ишке берилиши керек эле. Учурда анын сапатын текшерүү үчүн сертификациялоо иштери жүрүп жаткан.

Москва Донбасстагы жикчил “республикалардын” көз карандысыздыгын тааныгандан кийин Германиянын канцлери Олаф Шольц 22-февралда “Түндүк агым-2” долбоорунун сертификациясын убактылуу токтоткон. “Түндүк агым-1” долбооруна санкция салынган эмес. Биринчи газ кууру 2011-жылдан бери иштейт жана жылына 55 млрд. метр куб газ ташууга жөндөмдүү. (ErN)

Дагы караңыз

ӨКМ: Күн аябай ысып, 42 градуска жететӨзбекстан Ооганстан тараптан дагы ракета атылганын төгүндөдүCOVID-19: Жаңы 88 учур катталдыӨКМ быйыл селден 2731 турак үй жабыркаганын билдирдиЛипосакциядан каза болгон келиндин өлүмүнө байланыштуу хирург камалды