Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөнүн башкы прокурору Ирина Венедиктованы жана Коопсуздук кызматынын башчысы Иван Бакановду кызматтан бошотту. Анын тиешелүү жарлыктары 17-июлда жарыяланды.
Зеленский жекшембинин кечиндеги видео кайрылуусунда бул чечимин күч кызматкерлери аралашкан мамлекеттик чыккынчылыкка байланыштуу иштердин көптүгү менен түшүндүрдү. Анын айтымында, учурда 651 кылмыш ишинин алкагында прокуратура жана тартип коргоо кызматкерлери мамлекеттик чыккынчылыкка жана думшан менен кызматташууга шектелип жатат.
“Прокуратуранын жана Украинанын коопсуздук кызматынын 60тан ашык кызматкери оккупацияланган аймакта калып, биздин мамлекетке каршы иштеп жатат. Мамлекеттин улуттук коопсуздугунун негиздерине каршы мындай кылмыштардын топтому жана Украинанын укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен Орусиянын атайын кызматтарынын ортосундагы байланыштар тиешелүү жетекчилерге карата өтө олуттуу суроолорду жаратууда. Бул суроолордун ар бирине туура жооп болот”, - деди Зеленский.
Дагы караңыз "Путин акылдан адаштыбы?" Орусия Украинадагы чабуулдарын күчөттүБаканов 2019-жылы Зеленский жана анын “Эл кызматчысы” партиясы бийликке келгенден көп өтпөй Украинанын коопсуздук кызматынын башчылыгына дайындалган. Ал Зеленскийдин бала кезден берки досу деп сыпатталып келет. Экөө “Квартал 95” студиясында чогуу иштешкен.
Июнь айында айрым басылмалар Зеленский украин күчтөрүнүн Херсондогу ийгиликсиз аракеттеринен кийин Бакановду иштен кетириши мүмкүндүгүн жазып чыгышкан. Бирок 27-июнда Зеленский Бакановду кызматтан алууну көздөбөгөнүн ишарат кылган.
Дагы караңыз
"Талибан" Тажикстан менен Өзбекстанга ракета атты деген топту кармадыИспанияда аптап 360 кишинин өлүмүнө себеп болдуХорватия Сербиянын президентин өз аймагына киргизбей койдуОрусиянын соккусунан каза тапкан төрт жашар Лизанын сөөгү жерге берилдиСот "Дөө Чыңгыз" атка конгон Жумагуловду 7-сентябрга чейин абакта калтырды