Украинанын Винница шаарында орус күчтөрүнүн аба соккусунан мерт болгон 4 жаштагы Лиза Дмитриеванын сөөгү 17-июлда жерге берилди. Наристени акыркы сапарга узатуу зыйнатына жакын туугандары жана шаардын тургундары катышты.
14-июлда Украинанын борбордук бөлүгүндө жайгашкан тарыхый Винница шаарында Орусиянын армиясынын чабуулунан баш-аягы 24 жайкын тургун мерт болгону ырасталды. Алардын арасында Лизадан тышкары дагы эки бала бар.
Лизанын апасы Ирина Дмитриева чабуулда бутунан ажыраган жана учурда оор абалда реанимацияда жатат. Ал даун синдромуна чалдыккан кызынын жашоосу тууралуу Инстаграмда блог жазып турчу. Каргаша кызы экөө атайын сабакка бараткан кезде болгон. Винницадагы бул чабуулдан жалпысынан 200дөй киши жараат алды.
Орусия Украинада жайкын тургундар жашаган аймактарды аткылаганын четке кагып келет. Орус армиясы далилдерге карабастан Винницада аскердик жайга гана сокку урганын билдирди.
Расмий Киевдин маалыматына ылайык, соңку үч күн ичинде орус күчтөрүнүн Украинанын ар кыл шаарларындагы калктуу конуштарды бутага алган чабуулдарынан кеминде 40 кишинин өмүрү кыйылды.
Дагы караңыз
Киев: Орусия Украинадагы жаңы чабуулдарга даярданып жататГрекия: Сербиядан аскердик жүк ташып бараткан украиналык учак кыйрады Сот "Дөө Чыңгыз" атка конгон Жумагуловду 7-сентябрга чейин абакта калтырдыБайден АКШ Жакынкы Чыгыштан оолактабай турганын айттыЧолпон-Атада бильярд боюнча Дүйнө чемпионаты өтүп жататЖиу-житсу күрөшү: Муртазалиев күмүш медаль тагынды