Жиу-житсу күрөшү: Муртазалиев күмүш медаль тагынды

Абдурахманхажи Муртазалиев

Кыргызстандык балбан Абдурахманхажи Муртазалиев жиу-житсу күрөшү боюнча дүйнөлүк оюндарда күмүш медаль тагынды.

Дүйнөлүк оюндар ушу тапта АКШнын Алабама штатында өтүп жатат. Муртазалиев мелдеште 85 килограммга чейинки салмакта күрөшүп, алгач польшалык Козак Масиежди, жарым финалда израилдик спортчу Шемеш Саарды жеңди.

Финалда кыргыз спортчусу БАЭнин спортчусу Алкитби Файсал менен кез келип, 0:0 эсебинде тең чыккан. Бирок калыстар жеңишти БАЭнин спортчусуна ыйгарып, Муртазалиев күмүш медаль тагынды.

ХI Дүйнөлүк оюндар спорттун олимп оюндарына кирбей калган түрлөрүнүн арасында төрт жылда бир өткөрүлүп келет. Быйыл мелдештерге жүздөн ашык өлкөдөн 3600 спортчу катышып жатат.

Спорттун 34 түрүнөн таймаштар өтүп, 223 комплект медаль ойнотулууда. Бул оюндарга Абдурахманхажи Муртазалиевден сырткары пара спортчу Азат Бакиров да катышып жатат. Буга чейин кыргызстандык кикбоксчу Икбол Фазилжанов аталган оюндарда коло байге тагынган. Дүйнөлүк оюндар 17-июлда жыйынтыкталат. (GT)

Дагы караңыз

Аламүдүн базарында мурдагы аялын бычактаган эркек кармалды "Бириккен демократиялык кыймыл" Таласта жолугушуу өткөрдү Винница шаарына урулган соккуда мерт болгондордун саны 24кө жетти Тоо-кен тармагы: жүздөй лицензия өкмөткө өттү Министрлер коомчулукка отчет берет, блогерлер менен жолугат