Садыр Жапаров жергиликтүү соттордун 15 судьясын дайындады

Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров 15-июлда жергиликтүү соттордун судьялыгына Сот адилеттиги иштери кеңеши көрсөткөн 15 талапкерди дайындады.

Ага ылайык, Тарасбек Осмонов Ноокен, Жыпар Каримова Базар-Коргон, Камбарбек Бейшеев Ала-Бука, Аида Бегимбаева Токтогул райондук сотуна, Назира Солпуева Майлуу-Суу шаардык сотуна, Муратали Турмаматов Таш-Көмүр шаардык сотуна, Куралбек Бектемиров Ош облустук сотуна, Келдибек Исажанов Ош облусунун Административдик сотуна, Жаңыл Жаныбекова Чоң-Алай, Рахманаали Абдрахманов Нарын облустук сотуна, Азамат Койломбаев Жумгал, Бакытбек Нурбаев Ысык-Көл облустук сотунун, Айбек Бекбулатов Ак-Суу, ал эми Жамиля Акылбекова менен Азирет Медеров Бишкектеги Биринчи май райондук сотуна судья болуп дайындалды.

Ушул жылдын май айында президенттин Садыр Жапаровдун жарлыгы менен жергиликтүү соттордун 312 судьясы өлкөнүн аймактарына ротацияланган. Бийлик бул масштабдуу орун которуу сот системасынын көз карандысыздыгын камсыздап, кызыкчылыктар кагылышы менен коррупцияны азайтат деген ишеничин билдирген. Өлкөнүн сот тармагы доооматтардан арыла элек.

Дагы караңыз

Бишкек мэриясы автобус сатып алуу үчүн кайра тендер жарыялады Карабак: Баку Москваны макулдашуу шарты аткарылбай жатканына айыптады Зордукталган секелектер, акталган шектүүлөр