Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:31

Бишкек мэриясы автобус сатып алуу үчүн кайра тендер жарыялады


Президент Садыр Жапаров "Белес.kg" автобусун өзү текшерип көргөн. Архивдик сүрөт.
Президент Садыр Жапаров "Белес.kg" автобусун өзү текшерип көргөн. Архивдик сүрөт.

Бишкек мэриясы ичинде желдеткичи жана эң ириде майыптарга шарты бар 100 автобус сатып алуу үчүн баасы бир миллиард сомдук тендердин биринчи жыйынтыгы жокко чыгарылганын билдирди.

Ага ылайык, ушул айдын башында жарыяланган сынакка катышуу үчүн "Белес kg" ишканасы баштаган төрт фирмадан арыз түшкөн. Бирок документтерди текшере келгенде тендердин жобосуна, шартына туура келбеси аныкталган. Мындан улам мэрия кайталап тендер жарыялады жана анын жыйынтыгы 21-июлда чыгарылат.

Өткөн айда мэрия "Белес kg" ишканасы менен беш автобус сатып алуу тууралуу макулдашкан. Анда газ кыймылдаткычы бар бул коомдук транспорттор сапатын сынап-текшерип көрүү максатында алынып жатканы айтылган.

Ушул жылдын февраль айында президент Садыр Жапаров автобус кураштыруучу "Белес.kg" ишканасынин иши менен таанышкан жана анда мамлекет 10 автобус сатып аларын билдирген. Мындан көп өтпөй эле мэрия бул автобустарды "баасы менен шарты туура келбейт" деген негизде сатып алуудан баш тартканын билдирген жана бул талаш-талкуу жараткан.

Кыргызстанда коомдук транспортко байланыштуу маселе өлкө эгемен алгандан бери эле толук чечилбей келет. Жүргүнчүлөрдү тейлөө сапатына жана транспорт таңкыстыгы тууралуу коомчулукта нааразылык көп.

Бишкек мэриясынын автобус сатып алууларынан улам буга чейин бир нече кылмыш иши козголуп, мурдагы жетекчилер жоопко тартылган.

XS
SM
MD
LG