Улуттук банк “Аманбанкка” убактылуу администрация режимин киргизди

Улуттук банк “Аманбанк” коммерциялык банкына 15-июлдан тартып алты айлык мөөнөткө убактылуу администрация атайын режими киргизилгенин кабарлады.

Банкка убактылуу администратор болуп Рустам Абдулдабеков дайындалды. Башкы банк мындай чечиминин себебин түшүндүргөн жок.

Аталган банктын өкүлдөрү менен байланышууга мүмкүнчүлүк боло элек.

Убактылуу администрация – банктын ишин башкаруудагы атайын режим. Мындай чара банктын активдерин, документтерин жана маалыматтарын сакталышын камсыз кылуу максатында көзөмөл орнотуу үчүн киргизилет. (TSh)

Дагы караңыз

Акыйкатчы Ала-Букада ыдык көргөн секелектин видеосун таратпоого чакырдыСот саламаттык сактоо министринин кеңешчисин абакта калтырдыМинистр: Ооганстандагы этникалык кыргыздарды көчүрүп келүү каралууда"Дастан" заводу банкроттуулук жөнүндө кабарларга жооп кайтарды