Кыргызстандын укук коргоо органдарынын демилгеси менен ар кандай кылмышка айыпталган 650дөн ашык киши Интерпол уюму аркылуу эл аралык издөөгө алынган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Кыргызстан Эл аралык кылмыш полициясына 1996-жылдын 23-октябрында кошулган. Кыргыз өкмөтү 1997-жылы 18-июлда Ички иштер министрлигинде 8 кызматкерден турган Интерполдун Улуттук Борбордук бюросу түзүлгөн. Бүгүн, 15-июлда Интерполдун Улуттук борбордук бюросунун (УББ) кызматкерлери кесиптик майрамын белгилеп жатат.
Кыргызстан Интерполго мүчө 195 өлкөнүн 40ы менен бардык багыттар боюнча кызматташат. (TSh)
Дагы караңыз
Жогорку окуу жайларына кабыл алуу беш айлампа менен өтөтАла-Букада беш жашар кызга сексуалдык ыдык көрсөтүүгө шектүү кармалдыИталиянын президенти премьер-министрдин отставкасын кабыл албай койдуЖашы жете элек кызды зордуктоого айыпталгандарды кое берген соттор түшүндүрмө бериштиТалас: Күйдүргүдөн улам Шекер айылында карантин киргизилди