Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:24

Ала-Букада беш жашар кызга сексуалдык ыдык көрсөтүүгө шектүү кармалды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

13-июлда Ала-Бука райондук милициясына беш жашар кызына сексуалдык ыдык көрсөтүлгөнүн айтып, 32 жаштагы жаран кайрылган. Ал бир күн мурун саат 16:00 чамасында кызына азиат түспөлүндөгү 35-40 жаштардагы киши дүкөндөн таттуу сатып берип, андан ары бакка ээрчитип барып сексуалдык ыдык көрсөткөнүн билдирген.

Бул арыз райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш кодексинин 158-беренеси ("Ыплас аракеттер") менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлө баштаган. Окуя болгон жерде кароо жүрүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалганын Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Ыкчам иш-чаралардан соң Ала-Бука районунун 40 жаштагы тургуну К. Н. кармалып, суракка алынган. Андан соң кызга сексуалдык ыдык көрсөтүүгө шек саналып, камакка алынган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча 2021-жылы Кыргызстанда 604 зордуктоо фактысы катталса, анын 53% кылмыштын курамы жок деп табылып токтотулган, 254 адам уурдоо фактысы катталып, анын 84% кылмыштын курамы жок деген себеп менен кыскартылган.

2021-жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 10 151 факты катталган. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга 9038 убактылуу коргоо ордери берилген болсо, анын 8463ү аялдарга, 264ү жашы жете электерге тиешелүү.(TB)

XS
SM
MD
LG