АКШ элчилиги жарандарын Украинадан чыгып кетүүгө үндөгөн билдирүү таратты. Ал эми кете албагандарды эл көп чогулган жерлерге, массалык иш-чараларга барбоого чакырып, алар "Орусиянын аскердик бутасы болуп калышы ыктымалдыгын" эскертти. Бул АКШ элчилигинин акыркы үч айдан берки алгачкы билдирүүсү.
Орусия Украинага кол салгандан кийин АКШ баштаган бир катар өлкөлөр коопсуздук максатында Киевдеги элчиликтеринин ишин токтоткон. Көпчүлүгү өлкөдөн чыгып кеткен.
Май айынын ортосунда АКШ элчилиги ишин кайрадан жанданткан.
14-июлда Украинанын борборундагы Винница шаарында турак жайга урулган соккудан 23 адам набыт болду. Алардын үчөө бала. Президент Зеленский соккудан кийин Орусияны "өлтүргүч жана террорчу өлкө" деп атады.
Социалдык тармактарга жарыяланган сүрөт жана тасмаларда атылган ракеталардын бири автоунаа токтотуучу жайга тийгенин көрүүгө болот. Экинчи ракета офицерлер үйү деп аталган турак жайга тийген.
Орусия офицерлер үйүн "украин аскерлери машыгып жатканы" үчүн бутага алганын ырастады. Мындай билдирүүнү орус өкмөтүнүн БУУдагы туруктуу өкүлүнүн кеңешчиси Евгений Варганов жасады.
Орус күчтөрү "атайын аскердик операция" деген жүйө менен 24-февралда Украинага басып кирген. Беш айга аяк баскан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундар арасында миңдеген курмандыктар катталды. БУУнун 11-июлдагы эсебинде, 9 миллиондой адам Украинаны таштап чыгып кетти.
Дагы караңыз
Бишкек шаардык соту зордуктоо иши боюнча чечимге түшүндүрмө бердиАпсатаровдун кызматтан кетиши талкууну күчөттү Шри-Ланканын президенти кызматтан кеткенин Сингапурдан жарыяладыАКШ менен Израилдин лидерлери “Иерусалим декларациясына” кол коюштуАскердик кылмыштарга айыпталган ирандык жаран Швецияда өмүр бою камалдыАжыкулов: Бийлик ачыктыкка өзгөчө көңүл буруш керекМинистр 1-2-класстын окуучуларына баа коюлбай турганын билдирди