Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:32

Министр 1-2-класстын окуучуларына баа коюлбай турганын билдирди


Кыргызстандагы мектептердин бириндеги окуучулар. Иллюстрация.
Кыргызстандагы мектептердин бириндеги окуучулар. Иллюстрация.

Жаңы окуу жылынан баштап мектептеги 1-2-класстын окуучуларына сабактагы жетишкендиктери үчүн баа коюлбайт. Алардын билимин баалоо 3-класстан башталарын билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев 14-июлда журналисттер менен жолугушуусунда билдирди.

Министрдин айтымында, мектептерде билим берүү чет тилдерге жана маалыматтык технологияларга багытталат.

Алмаз Бейшеналиев билим берүү тармагында реформалар башталаарын айтып келет. Анын алкагында жаңы окуу жылына карата миңге чукул мектептин директору алмашат. Буга байланыштуу Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилерин сынак менен тандоо тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров 12-июлда кол койгон. (TSh)

XS
SM
MD
LG