Министр Бейшеналиев Кыргызстан билимди экспорттоп жатканын айтты

Кыргызстандагы чет элдик студенттер.

Кыргызстанда экспорт жагынан туризмден кийинки кирешени билим берүү тармагы берип жатканын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев журналисттерге билдирди.

Анын айтуусунда учурда Кыргызстандын жогорку окуу жайларында 82 миң чет элдик студент окуйт. Алардын жарымы Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан сыяктуу жакынкы чет өлкөлөрдөн келсе, калганы Индия, Пакистан ж.б. алыскы чет мамлекеттердин жарандары.

Студенттердин басымдуу бөлүгү медициналык окуу жайларда билим алышат.

Министрдин айтымында, алардын билим алууга төлөгөн келишим акчасынан мамлекеттик бюджетке 6 миллиондон ашуун доллар түшөт.

"Андан тышкары визага төлөшөт. Бул жерде батирлерде жашап, тамактанат. Акчасын бизде калтырып жатышат. Бул өлкөнүн экономикасына кошулган салым, ошондуктан, аларды жаман көрбөшүбүз керек", - деди министр.

Алмазбек Бейшеналиев чет элдик студенттердин окуу акысын кеминде 3 миң долларга чейин көтөрүү сунушу өкмөткө берилгенин кошумчалады. (ZKo)

Дагы караңыз

Бишкек шаардык соту зордуктоо иши боюнча чечимге түшүндүрмө бердиАпсатаровдун кызматтан кетиши талкууну күчөттү Украинанын Запорожье облусунда Орусияга кошулуу референдуму сунуш кылындыШри-Ланканын президенти кызматтан кеткенин Сингапурдан жарыяладыАКШ менен Израилдин лидерлери “Иерусалим декларациясына” кол коюштуМилиция: кыз уурдоого шектүүлөр кармалдыАскердик кылмыштарга айыпталган ирандык жаран Швецияда өмүр бою камалды