Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:48

Милиция: кыз уурдоого шектүүлөр кармалды


Шектүүлөрдүн милиция тараткан сүрөтү.
Шектүүлөрдүн милиция тараткан сүрөтү.

Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмү шаарда кыз уурдоого шектелип 25 жана 26 жаштардагы үч киши кармалганын маалымдады.

Милициянын кабарлашынча, 11-июлда Бишкек шаарынын тургуну аны эртең менен күчкө салып, никеге туруу үчүн белгисиз кишилер уурдап кеткени тууралуу арыз менен кайрылган. Арыз Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси («Никеге туруу максатында ала качуу») менен катталган.

Кылмышка шектүү катары кармалган үч жаран №1 Тергөө абалына эки айга камалды. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Кыргызстанда кыз ала качуу оор кылмыштардын бири. Өткөн жылы 5-апрелде 27 жаштагы Айзада Канатбекованы Бишкектин көчөсүнөн белгисиз адамдар күчкө салып уурдап кетишкен. Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган эркектин сөөгү Бишкектин четиндеги талаада автоунаадан табылган. Уурдаган киши алгач кызды зордуктап, андан соң өзүнө кол салганы аныкталган.

Укук коргоо органдарынын расмий маалыматына караганда, Жазык кодексинин "Адамды никеге туруу максатында уурдоо" беренеси (175) менен 2020-жылы 210 иш катталган. Алардын 5% гана сотко жеткен. 2021-жылы Кыргызстанда кыздарды уурдоо жана никеге мажбурлоо боюнча 560 факты катталган. (TSh)

XS
SM
MD
LG