Жапония кыргызстандык жарандарга эмгек квотасын берет

Түштүк Кореяга кетип жаткан кыргызстандык эмгек мигранттары. июль, 2022-жыл.

Кыргызстандык 300 адам Жапониянын фабрикаларына иштей алат. Мындай келишим 14-июлда Кыргызстандын Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлигинин алдындагы жарандарды чет өлкөлөргө жумушка орноштуруу борборунун жетекчиси Кубандык Акматбеков менен Жапониянын KOBE International Trade Promotion Association ишканасынын жетекчиси Широ Сурумакинин ортосунда түзүлдү.

Келишимге ылайык, кыргызстандык жарандар Жапонияга окууга жана андан ары "техникалык үйрөнгүч" программанын алкагында ишке орношууга мүмкүнчүлүк алышат.

Келишимге кол коюу жөрөлгөсүнө эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министри Кудайберген Базарбаев жана Жапониядан келген делегация катышты.

Өткөн аптада 92 кыргызстандык жаран Түштүк Кореяга эмгек миграциясына жөнөп кеткен. Алар эки өлкө ортосунда түзүлгөн кызматташуу боюнча меморандумдун алкагында жумушка орношту.

Министрликтин маалыматында ушу тапта Түштүк Кореяда 2 миңдей кыргыз жараны иштейт.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда чет мамлекеттерде жумушка орноштуруу менен алектенген 117 жеке агенттик бар. Алар дүйнөнүн 20 өлкөсүндө жарандарды ишке орноштуруу боюнча кызмат көрсөтүшөт. Ушул жылы Түштүк Корея кыргызстандык жумушчулар үчүн 1 миң 800 квота бөлсө, Британия миң кыргызстандыкты иш менен камсыздоого даяр экенин кабарлаган.(ZKo)

Дагы караңыз

Бишкек шаардык соту зордуктоо иши боюнча чечимге түшүндүрмө бердиАпсатаровдун кызматтан кетиши талкууну күчөттү Укук коргоочу секелекти зордуктоого айыпталгандар камактан чыгып кеткенин кабарладыУкраинанын Запорожье облусунда Орусияга кошулуу референдуму сунуш кылындыШри-Ланканын президенти кызматтан кеткенин Сингапурдан жарыяладыАКШ менен Израилдин лидерлери “Иерусалим декларациясына” кол коюшту