Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:05

Укук коргоочу секелекти зордуктоого айыпталгандар камактан чыгып кеткенин кабарлады


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Балдардын укугун коргоо лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова майыптыгы бар 13 жаштагы кызды зордуктоо боюнча иште эки айыпталуучу айып пул төлөп абактан бошотулганын айтып чыкты.

Анын айтымында, окуя жети жыл мурун болгон. Турдубекова алар атайын сотту создуктуруп, учурда күнөөлүү деп табылганы менен кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу жабырлануучуларга 100 миң сом чегерип берүү чечими чыкканын айтты.

Бул боюнча чечим чыгарган Бишкек шаардык соту комментарий бере элек.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2021-жылы Кыргызстанда 604 зордуктоо фактысы катталса, анын 53% кылмыштын курамы жок деп табылып токтотулган, 254 адам уурдоо фактысы катталып, анын 84% кылмыштын курамы жок деген себеп менен кыскартылган.

2021-жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 10 151 факты катталган. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга 9038 убактылуу коргоо ордери берилген болсо, анын 8463ү аялдарга, 264ү жашы жете электерге тиешелүү. (TSh)

XS
SM
MD
LG