Москва менен Киев украин данын экспорттоо боюнча жарым-жартылай келишимге жетти

Украинанын, Орусиянын, Түркиянын делегацияларынын жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) өкүлдөрүнүн Стамбулдагы жолугушуусу. 13-июль, 2022-жыл.

Украинанын, Орусиянын, Түркиянын делегацияларынын жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) өкүлдөрүнүн Стамбулдагы жолугушуусунда тараптар украин данын экспорттоо боюнча жарым-жартылай келишимге жетишти. Бул тууралуу The Wall Street Journal басылмасы өз булактарына таянуу менен кабарлады.

Анда айтылгандай, согушкан тараптар деңиздеги “географиялык чек аралардын чегинде ок атышууну токтотуу жана кемелердин каттамын коопсуз уюштуруу үчүн миналардын бир бөлүгүн алууну макулдашты.

Басылманын маалыматына караганда, дан Украинанын үч портунан украин кемелеринин коштоосу менен чыгарылат. Түркиянын Куралдуу күчтөрү болсо товар ташыганы келген чет элдик бош кемелерди текшерип турууга милдеттеме алды. Орусия тарап ал кемелерде Батыш Украинага берген куралдар ташылып келиниши мүмкүн деген чочулоосун билдирген.

Түркиянын коргоо министри Хулуси Акара өз билдирүүсүндө Кара деңиз аркылуу украин дан азыктарын ташып чыгуу маселеси боюнча алгачкы күнкү сүйлөшүүлөрдө маанилүү жылыштар болгонун айтты. Макулдашууга келерки апталарда кол коюлушу ыктымал.

Орусия менен Украинанын аскердик өкүлдөрү 13-июлда Түркиянын Стамбул шаарында жолугуп, согуштук кырдаалда токтоп калган дан экспортун жандантуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи раундун өткөргөн. Ага Түркиянын армиясынын жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) өкүлдөрү да катышты. Жолугушуу төрт күнгө созулары белгиленген. Биринчи күндүн жыйынтыгында сүйлөшүүлөрдүн мазмуну жана деталдары так айтылган эмес.

Расмий Киев жана Батыш өлкөлөрү Орусияны украин деңиз портторун басып алганы үчүн айыптап, муну дүйнөлүк рынокто дан азыктарынын бааларын көтөрүүгө жана товарлардын тартыштыгын жаратууга болгон аракет деп баалап келген. Украин аскерлери 31-июнда Змеиный аралынан орус күчтөрүн сүрүп чыккандан кийин Киев Кара деңиздеги кырдаалды көзөмөлдөп калды. Натыйжада Орусия Украинага кол салгандан бери чет элдик кемелер дан азыктарын жүктөп кетүү үчүн июлдун башында украин портторуна биринчи жолу келди.

Украина дан азыктарын экспорттоодо дүйнөдө төртүнчү орунда турат. 2021-жылы бул өлкө дээрлик 45 миллион тонна дан жана буурчак азыктарын башкаларга саткан.

Учурда Украинада 22 миллион тоннадай дан азыктары Орусия Кара деңизди бөгөттөп турганы үчүн сыртка чыгарылбай турат. БУУнун өкүлү Маурицио Мартина мурдараак Орусиянын Украинага кол салуусунан улам ачарчылыкка тушуккандардын саны мурдагыдан 18 миллионго көбөйүп, 218 миллионго жетерин эскерткен. (ErN)

Дагы караңыз

Шри-Ланкадагы демонстранттар өкмөттүк имараттарды бошоттуБалдарды бул дүйнөдөгү "тозоктон" коргойлуМамкаттоонун кызматкерлери сотто Темировго паспорт мыйзамдуу берилгенин айтыштыДача СУ: комиссия мүчөсү элден чогулган акчадан казынага да берилгенин айтып чыктыСадыр Жапаров: берилген тапшырмалар Чүйдө начар аткарылды Ташкент - Бишкек аба каттамы көбөйдү