Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:02

Ташкент - Бишкек аба каттамы көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Быйылкы июль айынан тартып Ташкент-Бишкек багытындагы аба каттамы боюнча учак аптасына төрт ирет уча баштады. Мурда каттам жумасына эки жолу болчу.

"Манас" аэропортунун басма сөз кызматы кабарлагандай, аталган багыттагы каттам дүйшөмбү, шаршемби, бейшемби жана ишемби күндөрү учуп жатат.

Каттамды Өзбекстандын "Узбекистон хаво йуллари" аба компаниясы жүргүзүүдө.

2017-жылдан тартып жанданган Бишкек-Ташкент багытындагы аба каттамы пандемия учурунда токтоп, кийинчерээк кайра жанданган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG