Пакистандын тынчыбаган Белужистан провинциясындагы жикчил куралдуу топтор өкмөттүк армиянын офицерин кармап, барымтага алышты. Бул тууралуу маалыматты “Азаттыктын” Пакистан кызматы – “Машаал” радиосуна өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү ырастады.
Кабарларда айтылгандай, Зиарат деп аталган шаарда куралдуу адамдар блокпост орнотуп, ар бир автоунааны текшерип турушкан. Офицердин аты-жөнүн жана кызматын билип алышкандан кийин аны кармап, белгисиз жакка алып кетишкен.
Белужистан провинциясынын башкы министри Абдул Куддус Бизенжо окуяны кескин айыптап, офицерди табуу иштери уланып жатканын маалымдады.
Белужистан провинциясында жикчилдер бир нече топ түзүшкөн. Ооганстан жана Иран менен чектешкен бул аймактын белуж козголоңчулары мурдатан бери Пакистандан көз карандысыздык алууга аракет кылып келет.
Аймакта жардыруулар жана диний кагылыштар улам-улам кайталанып турат. 2004-жылдагы кагылыштар миңдеген адамдардын өмүрүн алган. (ErN)
Дагы караңыз
Зулушев партиялык системаны алсыз кадрларды кызматка койгон деп айыптадыБишкекте жол кырсыгы 3% өстү Таласта төрт киши күйдүргүгө шек саналып ооруканага түштүАкылбек Жапаров: Быйыл 400 чакырым жолго асфальт төшөлөт Евробиримдик Орусиянын Калининград облусуна товар өткөрүүгө уруксат берди