Бишкекте жол кырсыгы 3% өстү

Жол коопсуздук кызматкерлери. Бишкек.

Борбор калаа - Бишкекте жыл башынан бери 1 340 жол кырсыгы катталды. Бул былтыркы ушул убакыттагы көрсөткүчтөн 3% көп. Бишкектин Жол кайгуул башкармалыгынын башчысы Алмаз Исаковдун 14-июлда журналисттерге билдиргенине караганда, жол кырсыгынан 1 726 адам түрдүү жараат алган. 21 адам набыт болгон. Катталган жол кырсыктарынын басымдуу бөлүгү - жөө адамдарды коюп кеткен учурлар.

Маалыматка ылайык, жыл башынан берки алты айда жол кыймылынын эрежелеринин бузулушу боюнча 170 миңден ашуун протокол түзүлгөн. 40 миңден ашууну - коопсуздук курун тагынбагандарга, жөө жана велосипед менен баратып жолдо жүрүү эрежесин бузгандарга 11,5 миңге жакын, ичип алып автоунаа айдагандарга 1,5 миң, документи жок автоунаа айдагандарга жана башка эреже бузууларга 22 миңден ашуун протокол жазылып, айып пул салынган. Мамлекеттин эсебине 60 миң сомдон ашуун айып пул төлөнгөн.

ИИМдин маалымдашынча, Кыргызстанда 2021-жылы 7437 автокырсык катталып, анын кесепетинен 868 киши каза болуп, 11 миң 357 адам жараат алды. Жол кырсыктарынан мерт болгондордун ичинен 114ү балдар.

Расмий маалымат боюнча, кырсыктардын 90 пайызы айдоочулардын күнөөсүнөн болот.(ZKo)

Дагы караңыз

Президент "жалкоо" кадрлардан арылуу маалы келгенин билдирдиСадыр Жапаров: ККМ аткезчиликти, "кара ниет" ишкерлерди тыюуга керекБурятия, Тыва: жакындары согушка тартылган аялдар акцияга чыкты 63 өлкөдөгү саясий партиялар Атамбаевге байланыштуу кайрылуу жасаштыӨзбекстандык келинге балдарын мекенине алып чыгуусуна тыюу салындыБУУ: Украинадан 9 миллиондон ашуун адам чыгып кетти