Ноокендиктер коррупция жана адам укуктары жаатында маселе көтөрүштү

Өкмөттүн айрым мүчөлөрү менен элдин жолугушуусу. Ноокен району. Июль 14, 2022

Ноокен районунун тургундары ушул тапта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, башкы прокурор Курманкул Зулушев жана бир катар министрлердин орун басарлары менен жолугушууда.

Жыйындын катышуучулары негизинен коррупциялык көрүнүштөр, адам укуктарынын корголушу, айрым социалдык маселелердин чечилиши боюнча маселе көтөрүп, бул көйгөйлөргө нааразы экенин айтышты.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев элдин суроосуна жооп берип, жарандар жергиликтуү прокуратура органдарынан тышкары Башкы прокуратуранын өзүнүн сайтына да арыз менен кайрыла алышарын айтты. Башкы прокурордун айтуусунда андай кайрылууга эки мүнөттө жооп берет.

Бакыт Төрөбаев баштаган жетекчилердин эл менен жолугушуусу бүгүн, 14-июлда Базар-Коргондо уланат. 15-июлда Сузак жана Жалал-Абад шаарынын тургундары менен жолугушат.

Президент Садыр Жапаров 4-июлда күч түзүмдөрүнүн, айыл чарба жана башка мекемелердин жетекчилерине эл менен жолугушууга тапшырма берген.

ИИМ министри менен башкы көзөмөл органдын жетекчиси 7-июлда башталган. Жалал-Абад облусунда жолугушуулар жыйынтыкталгандан кийин Ош, Баткен облустарын, андан кийин Талас, Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарын кыдырышат.

Президент Садыр Жапаров өкмөттүн аткаруу тартиби аксап жатканын, конкреттүү багыттар боюнча облустагы өкүлдөр, район акимдери менен айыл өкмөт башчыларынын айрым иштери чабал болуп жатканын сындап келет. 14-июлда өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуу учурунда мамлекет башчы жалкоо кадрлар менен кош айтышуу мезгили келгенин кошумчалады.(TB/ZKo)

Дагы караңыз

Ташкент - Бишкек аба каттамы көбөйдүТоо-кен тармагы: 100дөн ашык лицензия мамлекетке кайтарылдыБурятия, Тыва: жакындары согушка тартылган аялдар акцияга чыкты 63 өлкөдөгү саясий партиялар Атамбаевге байланыштуу кайрылуу жасаштыПрезидент "жалкоо" кадрлардан арылуу маалы келгенин билдирдиӨзбекстандык келинге балдарын мекенине алып чыгуусуна тыюу салынды