Президент Садыр Жапаров 13-июлда жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку балл алган орто мектеп жана лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнө “Алтын сертификаттарды” тапшырды. Анда мамлекет башчы пандемия билим берүү тармагына таасирин тийгизгенине, өлкө келечеги үчүн балдарга билим берүүнүн маанисине токтолду.
“Кыргызстандын келечеги билимдүү жаштардын колунда деп баса белгилеп, билим берүү системасына комплекстүү чара көрүүнү колго алып келебиз. Билим берүү тармагындагы инвестициялар экономикалык адилеттүүлүктү өнүктүрүүдөн, жакырчылыкты кыскартуудан, толук кандуу заманбап саясий системаны иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон интеллегенцияны калыптандырууга чейинки ар кандай социалдык таасирлерди камтыйт”, - деди президент.
Кыргызстанда быйыл Жалпы республикалык тестирлөөдө 57 окуучу эң жогорку упай топтоп, "Алтын сертификат" алуу укугуна ээ болду.
Алардын 35и Бишкек шаарынан, калганы жети облустан келген окуучулар. Жыл сайын 40 миңден ашуун бүтүрүүчү жалпы республикалык тестирлөөгө катышат. Анын жыйынтыгына жараша аларда жогорку окуу жайларга бюджеттик окууга кирүү мүмкүнчүлүгү болот. (TSh)
Дагы караңыз
ИИМ менен АКШ элчилигинин коопсуздук боюнча өкүлдөрү жолукту Рысалиева: Мигранттар кыргызча психологиялык кеңеш берүүчү платформага муктаж (видео)Адвокат министрдин кеңешчиси абакта негизсиз отурганын маалымдады Washington Post: Орусия лизингге алынган 400дөй учакты кайтарбай жататСалык чек: лотереянын эки байгеси жокко чыгарылды