Washington Post: Орусия лизингге алынган 400дөй учакты кайтарбай жатат

Орусиянын "Аэрофлот" компаниясынын учактарынын бири. Бишкек, Кыргызстан.

Орусиялык компаниялар чет элдик ишканалардан лизингге алынган 400дөн ашык жүргүнчү ташуучу учактарды мыйзамдуу ээлерине кайтарып берүүдөн баш тартып жатат. Бул тууралуу Washington Post басылмасы кабарлады.

Гезит келтиргендей, Орусия Украинага кол салганга чейин орус авиакомпанияларында лизингге алынган 515 учак болгон. Батыш өлкөлөрүнүн санкцияларынан кийин чет жактагы компаниялар 80дей учакты кайтарып алышкан. Басылма менен баарлашкан учак ээлеринин көбү Орусияда турган лайнерлерди кайтарып алуу үмүтүн үзө башташкан.

Учактар кайтарылып берилбегенине байланыштуу камсыздоочу компанияларга коюлган камсыздоо доолору 10 млрд. долларды чапчыды. Мунун ичинде ишканалар учактарына кеткен чыгымдарды эле эмес, орусиялык компанияларга ижарага берилген авиациялык кыймылдаткычтардын да баасын кошкон.

Washington Post материалында Шри-Ланкадагы ийгиликсиз учур мисал келтирилген. Бул аралда ирландиялык AerCap компаниясынын талабы менен “Аэрофлоттун” учагы камакка алынган. Орусия Шри-Ланканы мунай жеткирүүнү токтотуу жана дипломатиялык мамилени бузуу опузасы менен учакты кайра чыгарып кеткен. Коломбонун аэропортунда бир нече күн камалып турган Airbus 330-300 кайра Москвага учууга уруксат алган жана учурда Кыргызстанга каттамдарды аткарып жатат.

Коңшу өлкөгө басып киргендигине байланыштуу Орусияга салынган авиациялык санкциялардын масштабы болуп көрбөгөндөй чоң болду. Ага Европанын, Түндүк Американын жана Азиянын 37 мамлекети кошулду.

Орусиялык компанияларга учак сатууну жана лизингге берүүнү токтотуудан сырткары ал жакка тетиктерди, камсыздоо программаларын экспорттоого жана учактарды техникалык тейлөөгө толук тыюу салынган. Мындай санкциялар Орусиянын абадагы жүргүнчү ташуу системасын бузушу мүмкүн экени, себеби өлкөдөгү учактардын жарымынан көбү чет жакта лизингде болгону белгиленген.

Мартта Орусиянын президенти Владимир Путин авиакомпанияларга лизингге алынган учактарды ички каттамдарды тейлөөсүнө уруксат берген жарлыкка кол койгон. Ага чейин өкмөт компанияларга учактарды кайтарып бербей коюусуна уруксат берген. (ErN)

Дагы караңыз

Салык чек: лотереянын эки байгеси жокко чыгарылдыОоганстандык 2 миңдей качкын Нидерландга бардыРысалиева: Мигранттар кыргызча психологиялык кеңеш берүүчү платформага муктаж (видео)Орус оппозиционери Илья Яшинге кылмыш иши козголду