Байден Израиль менен Сауд Арабиясына жөнөдү

Жо Байден.

АКШнын президенти Жо Байден 13-июлда бир нече күндүк иш сапар менен Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө жөнөдү. Ал алгач Израилде болот, кийин Палестина автономиясына, андан соң Сауд Арабиясына барат.

Байден Иерусалимдеги жана Эр-Рияддагы жолугушууларында алардын коңшусу жана каршылашы Ирандын өзөктүк программасы жөнүндө сүйлөшүүлөрдү өткөрөрү кабарланууда. Мындан сырткары Сауд Арабиясы менен рынокто орус энергоресурстарынын азайышынын фонунда мунай өндүрүшүн күчөтүү темасы кеп болот.

2015-жылы Иран алты мамлекет – Кытай, Орусия, Германия, Франция, АКШ жана Британия менен өзөктүк макулдашууга жетишкен. Ага ылайык, Ислам жумурияты өзүнүн өзөктүк программасын чектемек. Бул үчүн ага салынган санкциялар акырындык менен алынмак.

2018-жылы АКШ Тегеранды өзөктүк курал өндүрүүнү улантып жатат деп айыптап, келишимден чыгып кеткен. Натыйжада жазалоочу чаралар кайрадан киргизиле баштаган. Иран анын артынан өз милдеттемелерин аткаруудан баш тарткан.

Келишимди кайрадан жандантуу боюнча сүйлөшүүлөр былтыр апрелде башталган. Ал жыйынтыкталып калганы айтылганы менен тараптар бир пикирге келе албай жатат. Сүйлөшүүлөр улам-улам үзгүлтүккө учурап, ортодо токтоп да калган эле.

Иран менен келишим түзгөн президент Барак Обаманын тушунда вице-президент болгон Жо Байден өзүнүн мөөнөтүндө бул макулдашууну кайрадан жандантууну артыкчылык катары койгон. Израил дагы, Сауд Арабия дагы буга каршы чыгып келатат. (ErN)

Дагы караңыз

Жаңы окуу жылына карата миңге чукул мектептин директору алмашатЖК: Эсептөө палатасы менен Улуттук банк тармактык комитетте отчет берет Орусиячыл жикчилдер ээлеп турган Луганск шаарына сокку урулдуКыргызстанда 39 адамдан коронавирус табылды Турак жай кооперативдери боюнча мыйзам жазылат