Украинанын орусиячыл жикчилдер ээлеп турган Луганск шаарында шаршембиге караган түнү катуу жарылуулар болуп, туташ өрт катталды. Орусиянын мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары жана жикчилдердин өкүлдөрү шаардагы объектилерге украин күчтөрү ракеталык сокку урганын кабарлашты. Украин башкармалыгы абалды комментарийлеген жок.
Луганск шаары фронттун линиясынан дээрлик 70 чакырым алыстыкта жайгашкан. Ага артиллериянын жана жапырт аткылоочу реактивдүү системалардын көбүнүн дүрмөттөрү жетмек эмес. Ошол себептүү орусиялык басылмалар Луганск шаары америкалык HIMARS куралынан аткыланды деген бүтүм чыгарышты.
Сокку шаардагы аскердик объектилерге, анын ичинде курал-жарак кампаларына жана абадан коргонуу системасы турган жерлерге тийген. Жикчилдердин мурдагы командачысы Игорь Стрелков (Гиркин) базалар “талкаланганын” маалымдады.
Луганск шаарына жасалган чабуулдар туурадуу экинчи күнү катары менен кабарланып жатат. Интернетте сокку урулду делген учурлардын видеолору тарады. Курмандыктар жөнүндө маалымат жок.
Украин күчтөрү мурда дагы орус аскерлеринин командалык пункттарына жана кампаларына чабуул коюшчу. Анда сокку көбүнчө кармаш линиясынан алыс эмес жерлерде жасалчу же диверсиялык аракеттердин натыйжасында кол салышчу. Июндун аягынан бери фронттук линиядан ыраакта жайгашкан объектилерге да сокку ура башташты. Акыркы күндөрү Херсон облусундагы орус аскерлери ээлеп турган Новая Каховка шаарындагы жана башка жерлердеги курал-жарак кампаларына чабуул жасалды.
Бул соккулар АКШнын HIMARS (High Mobility Artillery Rocket System) жапырт аткылоочу реактивдүү системасы Украинага келип түшкөндөн кийин башталды. HIMARS системасы 300 чакырымга чейин ата алат, бирок 80 чакырымга чейин жогорку тактыкта бутаны жок кылат. Ушу кезге чейин Киевге аталган техникадан сегиз даана келип түшкөн, Вашингтон дагы төртөөнү жөнөткөн. (ErN)
Дагы караңыз
Жаңы окуу жылына карата миңге чукул мектептин директору алмашатКыргызстанда 39 адамдан коронавирус табылды Турак жай кооперативдери боюнча мыйзам жазылатХорватия еврону колдонууга өтөрүн жар салдыУКМК төрагасынын орун басары алмашты