Хорватия еврону колдонууга өтөрүн жар салды

Хорватиянын расмийлери евронун өздөрү чыгара турган үлгүсүнүн сүрөтүн кармап турушат.

Европа Биримдигинин (ЕБ) кеңеши уюмга мүчө Хорватияны евро зонага кошуу тууралуу укуктук актыларды бекитти. Бул тууралуу Deutsche Welle басылмасы кабарлады.

Кеңештин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, хорваттар өзүнүн улуттук валютасы – кунанын баарын еврого алмаштырышы керек. 1 евронун курсу 7,53450 куна деп аныкталды.

Хорватия Евробиримдиктеги еврону колдонууга өткөн 20-өлкө болуп калат. Алар 2023-жылдын 1-январынан тартып бул валютаны толук пайдалана баштайт.

Евро тыйындарын чыгарган башка өлкөлөр сыяктуу эле Хорватиядан чыккан тыйындарда да алардын улуттук белгилери кошо чагылдырылат. 2 евролук тыйында өлкөнүн картасы, 1 евролук тыйында Хорватияны көп жердеген суусардын элеси берилет. 50, 20 жана 10 евроценттерде белгилүү окумуштуу Никола Тесланын портрети чагылдырылса, майда тыйындарда биринчи славян алфавити – глаголицанын коллажы берилет.

Евро банкноту 1999-жылы Европа Биримдигиндеги өлкөлөрдүн бирдиктүү валютасы катары накталай эмес түрдө жүгүртүүгө киргизилген. 2002-жылдан тартып накталай түрүндө айлантыла баштаган. Учурда аны Евробиримдиктеги 27 өлкөнүн 19у расмий валюта катары колдонот, уюмдун башка мүчөлөрү өз улуттук валюталарын иштетишет. Алардан сырткары еврону уюмга мүчө болбогон Монтенегро жана жарым-жартылай таанылган Косово да колдонот.

Еврону колдонгон өлкөлөр аны өз экономикасына жараша басып чыгарууга укуктуу. Бирок еврозонада чыгарылган бардык евро аны пайдаланган өлкөлөрдө текши таанылат.

ЕБДин келишимдерине ылайык эртеби-кечпи уюмдагы Даниядан башка бардык мамлекеттер еврону колдонууга толук өтүшү керек. Айрым өлкөлөр, анын ичинде Польша, Чехия, Швеция жана Венгрия формалдуу милдеттемелерге карабай, саясий жүйөгө таянып, аны кабыл алуу шарттарын кечеңдетип келишет.

Евронун курсу ушул күндөрү 2002-жылдын 6-декабрынан бери, дээрлик 20 жылда биринчи жолу доллардын баасы менен теңелди. Дүйнөлүк рынокто 1 евро 1,0066 долларга сатылып жатат. Евронун долларга карата катышы былтыркы жылдын июнь айынан бери 17,8% түштү. (ErN)

Дагы караңыз

УКМК төрагасынын орун басары алмашты"Чөйрө": Кыргызстанга кандай салым кошо алабыз? "Next TV иши": Адвокаттар тергөөнүн жыйынтыгына нааразыТурак жай кооперативдери боюнча мыйзам жазылат“Чөйрө”: Европадагы кыргыздардын федерацияларын түзүү демилгеси көтөрүлдү (Видео)Милиция 63 жаштагы жарандын кылмышы тергөөдө далилденбегенин билдирди