Жогорку окуу жайларында 6 миң бюджеттик орун болот

Тест тапшырып жаткан окуучулар. Иллюстрациялык сүрөт.

Быйылкы окуу жылында Кыргызстандын жогорку окуу жайларында 6 миң бюджеттик орун болот, анын ичинн 4 663 орун педагогикалык кадрларды даярдоого бөлүнөт.

205 орун так жана техникалык илимдерди окутуучу педагогикалык багытка берилди. Мындай чечим Министрлер кабинетинин 12-июлдагы отурумунда чыгарылганын өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Отурумда билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу маалымдагандай, Жогорку окуу жайларына кирүүгө жеңилдик алган абитуриенттер аныкталды. Ага ылайык, жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алгандар, майыптыгы барлар, Аксы окуясынын, Апрель, Июнь окуяларында курман болгондордун, кайрылмандардын балдары акысыз окуйт.

80 бюджеттик орун эл аралык келишимдердин негизинде бөлүндү.

Расмий маалматтарга караганда быйыл Кыргызстанда 68 миңдей окуучу мектепти аяктады.(ZKo)

Дагы караңыз

ИИМ: Экстремисттик уюмдар ички чырларга аралашууга аракеттенүүдөУкраин армиясы өлкө түштүгүндө каршы чабуулун баштады Орус оппозиционери Илья Яшинге кылмыш иши козголдуКыргызстанда жол кыймылын одоно бузгандардын жоопкерчилиги күчөтүлөтМектеп директорлорун сынак менен тандоо тууралуу жарлык чыкты Путин Тегеранда Ирандын жана Түркиянын президенттери менен жолугат