YouTube сервиси орусиялык режиссёр Тигран Кеосаяндын порталдагы "Кеосаян Daily" каналын бөгөттөдү. Бул тууралуу анын аялы, RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян кабарлады.
"Тиграндын YouTube порталындагы каналын жаап салышты. Аларда адат болуп калгандай эле эч себепсиз. Ал болсо буга кубанып жатат", – деп жазды Симоньян өз телеграм-каналында.
Ал ошондой эле күйөөсүнүн Rutube порталындагы каналына шилтеме таштап, YouTube порталын сынга алган.
Кеосаян апрелдин соңунда YouTube порталындагы каналындагы билдирүүлөрүндө Казакстанда 9-майга карата парадды өткөрбөө чечимин “жакшылыкты билбегендик” жана “чыккынчылык” катары баалап, Украинанын мисалын кароого чакырган. Бул билдирүүлөрдөн кийин Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Кеосаяндын өлкөгө киришине чектөө койгон.
Тигран Кеосаян 8-июлда Канаданын санкциялык тизмесине кирген. "Кара тизмеге" кирген жарандарды канадалык бийлик “Орусиянын прогагандасын жана бурмаланган, жалган маалыматтын жайылткан агенттер” деп атаган. Кеосаян жана анын аялы Маргарита Симоньян дагы Кремлдин башкы пропагандачылары болуп саналат. Мурдараак Евробиримдик жана Улуу Британия да аларды "кара тизмеге" киргизген. (ErN)
Дагы караңыз
"Орус бийлигинин каарынан качып, Кыргызстанга келдим"Кремль Казакстанды "жазалайбы"?13 жаштагы кыздын зордукталышы: сот жабык өттү"Дөө Чыңгыздын" карааны: Күч органдарынын алын сынаган операцияЕвронун курсу 20 жылда биринчи жолу доллардын курсу менен теңелдиУкраин күчтөрү Херсонду бошотууга киришти