Киев Орусиянын президенти Владимир Путиндин өлкөнүн бардык аймактарындагы украиндерге орус жарандыгын алууга уруксат берген жаңы жарлыкты айыптады.
Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги 11-июлдагы билдирүүсүндө, "жарлык Украинанын эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө кезектеги кол салуу болуп саналат, эл аралык укуктун нормаларына жана принциптерине туура келбейт" деп айтылат.
Украин тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба паспорт жарлыгы Путиндин “жырткыч табитинин” мисалы экенин айтып, Украинанын өнөктөштөрүн аскердик жардамды көбөйтүүгө жана Орусияга каршы жаңы экономикалык санкцияларды киргизүүгө чакырды.
Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын бүткүл жарандарына орус жарандыгын алуу эрежелерин жөнөкөйлөткөн жарлыкка 11-июлда кол койду.
2014-жылдан бери орусиячыл жикчилдердин көзөмөлүндө турган Донецк жана Луганск облустарынын тургундарына орус паспорту 2019-жылдан тарта жеңилдетилген шартта бериле баштаган.
Путин быйыл 25-майдан тартып Украинанын Херсон жана Запорожье облустарынын жашоочуларына да орус жарандыгын жеңилдетилген шартта алууга укук берген.
Орус күчтөрү "атайын аскердик операция" деген жүйө менен 24-февралда Украинага басып кирди. Беш айга чукулдаган согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундар арасында миңдеген курмандыктар катталды. БУУнун эсебинде, 7 миллиондой адам Украинаны таштап чыгып кетти.
Дагы караңыз
Кыргызстан жана Орусиянын тышкы иштер министрлери сүйлөштүБайден Орусияга каршы турууда Сауд Арабиянын мунайы маанилүү экенин айттыНарындагы ок атуу: үч кишинин абалы оор Украинада ракета тийген турак жайдын алдынан отуздан ашык өлүк чыгарылдыИранда аял-эркек чогуу бийлегени үчүн жети окутуучу иштен айдалды Мөңгүнүн көчүшүнүн себеби эмнеде?