Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:02

Кыргызстан жана Орусиянын тышкы иштер министрлери сүйлөштү


Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, эки министр өлкөлөр ортосундагы карым-катнашты өнүктүрүү, аймактык коопсуздук маселелерин талкуулаган.

«Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди мындан ары да чыңдоо жана бекемдөө үчүн жигердүү кызматташууну улантууну макулдашышты» - деп айтылат билдирүүдө.

Тышкы саясий орган эки министрдин ортосунда конкреттүү кандай маселелер талкууланганын жарыялаган жок.

Кыргыз бийлиги Орусияны башкы стратегиялык өнөк экенин белгилеп келет. Орусия 24-февралда Украинага кол салгандан тарта расмий Бишкек бул маселеде нейтралдуу позицияда экенин билдирген.(BkA)

XS
SM
MD
LG