Аксы: Кара-Жыгач айылында "Тез жардам" кызматы ишке киришти

Кара-Жыгач айылында ишке киришкен "Тез жардам" машинеси.

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Жыгач айылында "Тез жардам" кызматы иштей баштады.

Бул тууралуу Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы Мамбеталы Ызаканов билдирди. Анын айтымында, үч кызматкерден турган "Тез жардам" бригадасы Кара-Жыгач айыл аймагына кирген алты айылды тейлейт.

"Бизде айыл эли "Тез жардам" жок кыйналып келген. Көптөгөн аракеттердин натыйжасында тиешелүү мекемелер эски болсо да машине бөлүп беришти, азыр бригада элге кызмат көрсөтүп жатат", - деди ал.

Кара-Жыгач - Аксыдагы эң чоң айыл аймактардын бири. Анын курамына Дардак-Дөбө, Кара-Жыгач, Кара-Ой, Сыны, Тор-Камыш, Чарба айылдары кирет. Калктын саны 8 миңден ашат.

Айыл округдун борбору Кара-Жыгачта алты айыл үчүн бир гана фельдшердик-акушердик пункт иштейт. Ушул тапта Дардак-Дөбө айылында өзүнчө ФАПтын курулушу башталганы маалым болду.

Дагы караңыз

Шри-Ланканын президенти газды шашылыш берүүнү буйрудуЭмгек министрлиги 92 жаранды Түштүк Кореяга жумушка жөнөттүЖуукуда эки миллион кубдан ашык көчкү түшкөнУкраина эки аптада Орусиянын 14 курал-жарак кампасын жок кылды