Түркияда коронавирус жугузуп алгандардын саны көбөйдү

Түркия.

Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 10-июлда коронавирус жугузуп алгандардын саны бир күндө 57 113 кишиге жетти.

25 бейтап вирустан көз жумду. Бул өлкөдө чектөөлөр алынган март айынан берки эң чоң көрсөткүч экени кабарланды. Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа Твиттерде "коронавирустун омикрон штаммын жугузуп алгандардын саны өсүп жатканын, 50 жаштан жогору жарандарга дагы бир жолу вакцинация маанилүү экенин" билдирди.

Учурда Түркияда Sinovac, Pfizer/BioNTech жана жергиликтүү Turkovac вакциналары сайылууда. Вакцинаны жергиликтүү тургундар жана өлкөдө туруктуу жашаган чет өлкөлүктөр да акысыз алып жатышат. 11-июлга карата 83 миллион калкы бар Түркияда элдин 85% вакцинанын эки дозасын алган.

Былтыр 1-марттан баштап өлкөдө коронавируска байланышкан чектөөлөр толук алынган. Түркияда коронавирус жугузуп алган алгачкы учур 2020-жылы 11-мартта катталган. Расмий маалыматтарга караганда, ошондон бери өлкөдө вирустан өлгөндөр 99 057 кишиге жетти. Аны жугузуп алгандар 15 миллиондон ашты. (ElB)

Дагы караңыз

Зордуктоого кабылган кызга жардам акциясы уланууда Кыргызстандын 11 жараны тажик абагынан бошотулду Часов Ярда ракета тийген үйдүн урандысынан ондон ашык кишинин сөөгү табылдыНарын: ок атуу боюнча эки киши камалды