Аба ырайы: тоолуу аймактарда өткүн өтөт

Кыргызстан.

Кыргызстан.

11-июлда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын кээ бир райондорунда өткүн өтөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 14...19, күндүз 25…30;

Талас жергесинде түнкүсүн 11...16, күндүз 24…29;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 17…22, күндүз 27…32;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 21...26;

Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26;

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз өткүн өтөт. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 28…30 градус болот.

Дагы караңыз

Милиция коомдук унаада жүргүнчүгө кол көтөргөн адам кармалганын кабарладыМай айында Кыргызстандан эң көп суммадагы доллар чыгарылганНарындагы ок атуу боюнча үч адам кармалдыКытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу ЕАЭБдин приоритеттүү долбоорлорунун тизмесине кошулду