Бул маалыматты 2021-жылдын 24-октябрынан бери Коженттеги абакта кармалып турган Айдарбек Хайдаров "Азаттыкка" ырастады.
Ал өзү менен кошо тажик абактарында кармалып турган дагы 10 кыргыз жараны 7-июлда Кыргызстандын аймагына өткөрүлгөнүн билдирди.
Укук коргоо органдарынын талабынан улам ашыкча маалымат бере албасын түшүндүрдү.
Анын атасы Умарбай Хайдаров "Азаттыкка" абактан бошотулгандардын абалы жакшы экенин айтты:
"Баткендин Кызыл-Бел чек ара бекетинен чыгып келди. Ден соолугу жакшы. Он бир кишини чыгарып келишти. Укук коргоо органдары өзүбүз алып келебиз дегендиктен, биз барган жокпуз".
Умарбай Хайдаровдун маалыматына караганда, кайтарылган алты жаран Лейлек районунун Жаңы-Жер айылындагы милициянын жергиликтүү пунктуна жеткирилген, төртөө Бишкекке жөнөтүлгөн.
Бошотулгандар ар кайсы мезгилде чек арадан мыйзамсыз өттү деген негизде Тажикстанда кармалган.
Бул маалымат боюнча Кыргызстандын расмий органдары комментарий бере элек.
Буга чейин президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев кыргыз жана тажик мамлекеттик органдары абактагы жарандарды алмашуу жараянын баштаганын кабарлаган. 3-июнда Лейлек райондук соту Кыргызстанда кармалып турган 11 тажик жаранына 50 миң сомдон айып салып, абактан бошоткон.
Быйыл апрелде Башкы прокуратура тажик абактарында 13 кыргызстандык жазасын өтөп жатканын, алардын экөө өмүр бою эркинен ажыратылгандар экенин билдирген. (KbA/BkA)
Дагы караңыз
"Дөө Чыңгыздын" карааны: Күч органдарынын алын сынаган операцияУкраиналык аскерлердин алгачкы тобу Британияда машыга баштадыДемонстранттар кеңсесин ээлеп алган Шри-Ланканын президенти отставкага кетет Казакстандык теннисчи кыз биринчи жолу Уимблдон мелдешин утту