Украиналык аскерлердин алгачкы тобу Британияда машыга баштады

Украиналык аскерлер

10 миң украиналык аскер Британияга келип, аскердик даярдыкты баштады. Бул тууралуу Британиянын Коргоо министрлигинен 9-июлда кабарлашты.

Маалыматка караганда, аларды 1050 британ аскер машыктыруучулары бир нече апта окуудан өткөрмөкчү.

Британ коргоо министри Бен Уоллес украин жоокерлери менен ушул апта башында жолугуп, программаны "орус агрессиясына каршы Украинанын куралдуу күчтөрүнө жардам берүүнүн жаңы этабы" деп түшүндүргөн.

Машыгуунун алкагында украин жоокерлери британ аскерлерин даярдоо программасынын алкагында курал колдонуу, алгачкы медициналык жардам көрсөтүү, согуш талаасындагы тактикалык жүрүштөр тууралуу даярдыктан өтүшөт.

Быйыл 24-февралда Орусия Украинага кол салган соң Батыш өлкөлөрү, анын ичинде Британия расмий Киевге саясий, аскердик жана каржылык колдоосун көрсөтүп келе жатат.

Дагы караңыз

Демонстранттар кеңсесин ээлеп алган Шри-Ланканын президенти отставкага кетет Казакстандык теннисчи кыз биринчи жолу Уимблдон мелдешин утту"Дөө Чыңгыздын" карааны: Күч органдарынын алын сынаган операцияСиндзо Абэнин сөөгү үй-бүлөсүнө өткөрүлүп берилдиЖапониянын мурдагы премьер-министри кол салуудан каза тапты