10-июлда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Чүй облусунун өрөөндөрүндө, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 15...20, күндүз 28…33;
Талас жергесинде түнкүсүн 11...16, күндүз 26…31;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 17…22, күндүз 29…34;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 23...28;
Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28;
Бийик тоолордо түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15 градус.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 30…32 градус болот.
Дагы караңыз
Өкмөт Чаткалда кен казуудагы жемкорлук боюнча иликтөөлөр уланып жатканын билдирди"Үндүктөн" качкан Түркия аталышын өзгөрттүСиндзо Абэнин сөөгү үй-бүлөсүнө өткөрүлүп берилдиОрусия Украинадагы чабуулун тынымсыз улантууда