Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:35

Өкмөт Чаткалда кен казуудагы жемкорлук боюнча иликтөөлөр уланып жатканын билдирди


Чаткал. Кчи -Чаарат. Архивдик сүрөт.
Чаткал. Кчи -Чаарат. Архивдик сүрөт.

Чаткалда кен казууга лицензия берүүдө жемкорлук болгону тууралуу маалыматтар боюнча иликтөө уланып жатканын жергиликтүү тургандар менен жолугушууда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдиргенин 9-июлда өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. Мекеме билдиргендей, жолдорду оңдоодогу мыйзам бузуулар тууралуу да маалыматтар текшерилүүдө.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев жана ички иштер министри Улан Ниязбеков катышкан жолугушууга 300дөй жергиликтүү тургун барып, суроолорун бергени, алыскы аймактардагы медициналык тейлөө, күч органдарынын иши, таза суу жана жол боюнча көйгөйлөрдөн тышкары кен казуучу компаниялардын ишине байланыштуу чыр-чатак маселелери да көтөрүлгөнү кабарланды.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жалпысынан кен казууга 150дөй лицензия берилген. Азыр алардын төртөө – "Эти Бакыр Терексай", "Вертекс Голд Компани", "Кичи-Чаарат" жана "Чаарат Заав" иштеп жатат.

2021-жылдын декабрында Терек-Сай айылында алтын казган кыргыз-түрк "Эти Бакыр Терексай" компаниясына байланыштуу кезектеги нааразылык чыккан. 12-13-декабрь күндөрү чогулгандар компанияны "айылды чаңдатып, жумушчуларды негизсиз иштен кетирип жатат" деп айыпташкан жана боз үй тигип, жол тосушкан. "Эти Бакыр Терексай" мындай дооматты негизсиз деп билдирип келет.

XS
SM
MD
LG