COVID-19га каршы штаб: Эч кандай чектөө чаралары пландалган жок

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда бүгүнкү күндө коронавируска каршы эч кандай чектөө чаралары пландалган жок. Бул тууралуу COVID-19га каршы республикалык штаб бүгүн 9-июлда билдирди.

Штаб жалпы өлкөдө карантин жарыяланышы ыктымал деген маалыматтын Кыргызстанга тиешеси жоктугун, анда Европанын айрым мамлекеттериндеги абал тууралуу сөз болгонун белгиледи.

Дарыгерлер соңку эки аптадан бери Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган бейтаптар кайра каттала баштаганын, бул илдеттин оор формасынан коргонуу үчүн вакцина алуу керектигин эскертип жатышат. Республикалык штабдын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Кыргызстанда вакцина алышы керек болгондордун 60% толук эмделип бүттү.

7-июлда ыкчам штабдын кезектеги отуруму болуп, анда 2020-жылдын мартында киргизилген өзгөчө кырдаал режимин улантуу чечими кабыл алынды.

COVID-19 эпидемиясы Кыргызстанда 2020-жылдын мартында башталып, 2022-жылдын май айында оору дээрлик катталбай калган. Бул инфекция 200 миңден ашуун кыргызстандыкка жукту, алардын 3 миңге чукулу көз жумду. Ооруну жугузуп алгандар жана каза болгондор Бишкекте эң көп катталган. (RK)

Дагы караңыз

Президент элди Курман айт майрамы менен куттуктады"Бир секундда күйүп кетти". "Дордойдогу" өрт, ыйлаган соодагерлерЖер талаштын айынан алты адамга ок атылдыКримтөбөл Жумагулов боюнча тарап жаткан маалыматка расмий комментарий бериле элек