Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:45

Президент элди Курман айт майрамы менен куттуктады


Айт намазы. Бишкек. 2022-жылдын 9-июлу.
Айт намазы. Бишкек. 2022-жылдын 9-июлу.

Президент Садыр Жапаров бүгүн 9-июлда кыргызстандыктарды Курман айт менен куттуктап, бул күн мусулмандардын адамзаттын баа жеткис рухий байлыктары болгон биримдикти, боорукерликти жана кайрымдуулукту даңазалаган башкы майрамдарынын бири экенин белгиледи.

Курмандык чалуу адам баласын ашкере сараңдыктан жана дүнүйө-мүлкүн көбөйтүүнүн артынан сая түшүү жосунунан куткарарын айткан мамлекет башчысы ошону менен бирге жаман адаттардан арылууга да чоң өбөлгө түзөрүн кошумчалады жана ушул күндөрү ажылыкта ибадат кылып жүргөн кыргызстандыктарга парзынын кабыл болуусун каалады.

Эски аянттагы айт намаз
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:56 0:00

“Жараткан ар кыл этностун жана конфессиянын өкүлдөрү мекен туткан күнөстүү Кыргызстаныбызга жана меймандос кыргызстандыктарга биримдик менен кайрымдуулукту, сабырдуулук менен берешендикти мол берсин” деди Садыр Жапаров.

Бүгүн Кыргызстанда дем алыш күн – өлкө Курман айт майрамын белгилөөдө. Аянт-мечиттерде эртең менен айт намазы окулду. Аларга миңдеген адамдар катышты. Президент баштаган өлкө жетекчилиги Бишкектин Эски аянтындагы айт намазында болушту. (RK)

XS
SM
MD
LG