Президент Садыр Жапаров Жапониянын премьер-министри Фумио Кисидага мурдагы өкмөт башчы Синдзо Абэнин кол салуудан улам каза болгонуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
“Жеке мени, Кыргыз Республикасынын бардык элиндей эле бул кабар нес кылды. Бул бүткүл дүйнөлүк коомчулук үчүн чоң жоготуу. Чечкиндүү инсан, таланттуу саясатчы дүйнө салды. Синдзо Абэ масштабдуу инсан болгон, мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгын коргоо канчалык маанилүү жана зарыл экендигинин таасын үлгүсү болгон”, - деп айтылат мамлекет башчынын телеграммасында.
Жапонияда мурдагы премьер-министр Синдзо Абэ кол салуудан каза тапты. Абэ жума күнү Нара шаарында парламенттин жогорку палатасына шайлоо өнөктүгүнүн алкагында эл алдында сүйлөп жаткан учурда ага белгисиз адам эки жолу ок аткан. Мурдагы өкмөт башчы далысынан жараат алып ооруканага жеткирилген. Бирок өзүнө келе алган эмес. Кол салууга шек саналган 41 жаштагы Ямагами Тецуя окуя болгон жерде кармалды. Ал полицияга каршылык көрсөткөн эмес.
67 жаштагы Абэ 2020-жылы ден соолугуна байланыштуу премьер-министрликтен кеткен. Ал жапон өкмөтүн 2006-2007 жана 2012-2020-жылдары башкарып, бул кызматта эң узак турган саясатчы катары белгилүү. (TSh)
Дагы караңыз
13 жаштагы кыз жана жакындары милициянын кайтаруусунда болотПутин Кыргызстан менен абадан коргонуу системасын түзүү боюнча буйрук чыгарды 13 жашар кыздын зордукталышы боюнча сотко Акыйкатчынын өкүлү киргизилген жок Улуттук банк өлкөдөгү банктар менен валюта рыногун талкууладыNASA Украинадагы жикчилдердин желегине байланыштуу Роскосмосту айыптады