Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:06

13 жашар кыздын зордукталышы боюнча сотко Акыйкатчынын өкүлү киргизилген жок


Зомбулукка каршы соттун алдына акцияга чыккандар. 8-июль, 2022-жыл.
Зомбулукка каршы соттун алдына акцияга чыккандар. 8-июль, 2022-жыл.

Бүгүн, 8-июлда Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиция кызматкеринин жана мурда соттолгон бир киши боюнча отурумга Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү киргизилген жок. Бул тууралуу адам укугун коргоо мекемесинин сот процессине мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Самат Калчабаев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда судья Азиз Эшалиев Акыйкатчынын өкүлү сотко катышуусуна айыпталуучу тарап каршы болгонун жүйө келтирген.

"Биз бул боюнча судьянын үстүнөн акт түздүк. Эми соттордун ишин кароочу Тартип комиссиясына кайрылабыз. Кийинки отурумга катышууга да аракет кылабыз", - деди Калчабаев.

Бүгүн, 8-июлда Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиция кызматкеринин жана мурда соттолгон бир киши боюнча отурум жабык өтүп, жабырлануучу тараптын жактоочуларынын өтүнүчү менен сот 12-июлга белгиленди. Жабырлануучулардын жактоочулары алмашкандыктан, иш менен таанышып чыгууга убакыт сураган.

Соттун алдында балдарга жана аялдарга карата зордук-зомбулукту токтотууну талап кылгандардын акциясы өттү. Ага укук коргоочулар, жарандык активисттер катышып, колуна “Балдарыбыз үчүн коркуп жатабыз”, “Зомбулукту токтоткула!”, “Педофилияны токтоткула!” деген жазуусу бар плакаттарды кармап турушту.

Акцияга катышып жаткан укук коргоочулар Кыргызстанда балдарды коргоонун системасы жакшы иштебей жатканын айтууда.

2-июлда “Азаттык” милиция кызматкерлери секелекти зордуктоого шек саналып жатканы жөнүндө "Кызымды колдон колго өткөрүшкөн" деген макала жарыялаган. Анда Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиционердин жана мурда соттолгон бир адамдын үстүнөн териштирүү жүрүп жатканы, ушул эле иш боюнча Биринчи Май райондук милициясы да бир кишинин ишин тергеп жатканы баяндалган. Кыздын ата-энеси айыптуулар жоопкерчиликтен кутулуп кетпейби деп кооптонууда.

Иш боюнча алгачкы отурум Свердлов райондук сотунда 14-июнда болуп, жабыркаган тараптын өкүлдөрү суралгандан бери отурум үч жолу башка күнгө жылдырылып келе жаткан. (TSh\ZKo)

XS
SM
MD
LG