Швейцариянын федералдык соту Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) жана Европа футбол ассоциациялар бирикмесинин (УЕФА) мурдагы президенттери Зепп Блаттер менен Мишель Платинини актады.
Зепп Блаттер жана Мишель Платиниге "эки миллион доллардай акчаны кымырып алган, документтерди бурмалап жасашкан" деген айып тагылган.
Тергөөнүн версиясына ылайык, Блаттер Платиниге ФИФАда иштегени үчүн федерациянын эсебинен мыйзамсыз акча төлөөнү арткы дата менен жактырган.
Бул иш ачыкка чыкканда эки функционер 2015 жана 2016-жылдары кызматтарынан кеткен. Аларга футбол тармагында бир нече жыл кызмат ээлөөгө тыюу салынган.
Тергөөнүн маалыматына караганда, бул кадам эл аралык уюмдун беделине шек келтирген. Экөө тең айыптоолорду мойнуна алышкан эмес. Ушул ишке байланыштуу Блаттер менен Платини кызматтан кетүүгө аргасыз болушкан. Экөөнө тең футбол уюмдарына кызматка барууга тыюу салынган эле.
Соттун чечиминен кийин Платини бактылуу экенин айтты.
Дагы караңыз
Мирзиёев Каракалпакстандагы окуялардан кийин администрация башчысын иштен алдыПутин Кыргызстан менен абадан коргонуу системасын түзүү боюнча буйрук чыгарды Лавров сынга чыдабай "Чоң жыйырманын" жыйынынан чыгып кетти