NASA Украинадагы жикчилдердин желегине байланыштуу Роскосмосту айыптады

Эл аралык космос станциясындагы "Луганск элдик республикасы" жикчил аймагынын желегин көтөрүп түшкөн орус космонавттары.

NASA Эл аралык космос станциясындагы үч орусиялык космонавт Украинадагы жикчилдердин желегин көтөрүп сүрөткө түшкөнүнө байланыштуу Роскосмоско нааразылыгын билдирди. Бул тууралуу Американын космос агенттиги 7-июлда кабарлады.

4-июлда Роскосмос Луганск жана Донецк облустарындагы орусиячыл жикчилдердин желеги менен түшкөн үч космонавттын сүрөтүн жарыялаган.

"NASA Орусияны Эл аралык космос станциясын Украинадагы согушту колдоп, саясий максатта колдонгону үчүн айыптайт. Бул станцияга мүчө 15 мамлекеттин тынч максатта илимди жана технологияларды өнүктүрүү деген негизги функциясына каршы келет", - деп жазылат агенттиктин билдирүүсүндө.

Роскосмос азырынча комментарий бере элек.

Космос Орусия Украинага согуш ачканы Вашингтон менен Москва кызматташууну улантып жаткан саналуу тармактардын бири. Учурда эки мамлекеттин тең орбитадагы станцияда космонавттары бар. Кошмо Штаттар астронавттарды станцияга ташууда негизинен орус космос кемелерин колдонуп келген. Бирок жеке космос кемелеринин пайда болушу кыйла чоң өзгөрүүлөрдү жаратты.

Дагы караңыз

13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча сот 12-июлга жылдырылдыИрандын президенти хижаб тууралуу мыйзамды күчүнө киргизүүнү буйрудуӨкмөт аэропортторду түркиялык компанияга башкарууга берүүдөн баш тартты